Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-сентябры № 37-2
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Айбек айылынын тургуну Саитов Иметали Камаловичтин арызын кароо жөнүндө
Саитов Иметали Камаловичтин Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Айбек айылындагы № 5-05-09-1002-0780 сандуу идентфикациялык коддо жайгашкан турак-жайбагытындагы 1478,0 чарчы метр жер аянтын 2014-жылдын 19-февралындагы мурас укугу №310-күбөлүгүнүн негизинде жеке менчигине өткөрүпалып, сериясы“Ч”№ 527546 сандуу мамлекеттик акталган. 10-август 2020-жылы Ноокат районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын аталган жер участогунун ичинен 160,0ч.м жер тилкесинин максаттуу пайдалануу багытын соода сатык багытына которууга боло тургандыгы тууралуу №125/20 сандуу архитектуралык-техникалык корутундусун даярдап берген. 13-август 2020-жылы Саитов Иметалиге ушул турак - жай багытындагы 1478,0 чарчы метр жер участогунун ичинен 160,0 ч.метр жер тилкесин максаттуу пайдалануу соода-сатык багытына өзгөртүп берүү жөнүндө айылдык кенештин төрагасына арыз менен кайрылгандыктан,17.09.2020-жылдын Т. Зулпуев айылдык кенешинин депутаттары маселени карап чыгып, Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 1-18-беренелерин жетекчиликке алып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОК ТОМ КЫЛАТ
1. Айбек айылынын тургуну Саитов Иметали Камаловичтин Айбек айылындагы турак-жай багытындагы 1478,0 чарчы метр жер ичинен 160,0 чарчы метр жер тилкесин максаттуу пайдалануу багытын соода – сатык багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду жетекчиликке жана аткарууга алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.
3. Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, өнөр-жай жана экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К.Мурзаматов |