Редакцияот 17.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз отуз жетинчи сессиясы

 

2020-жылдын 17-сентябры № 37-3

Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Камал–Ата айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө

Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Камал-Ата айылынын тургундарынын өздөрүнү жашап жаткан айыл Караке айылы болуп аталып келе жаткандыктан Караке айылын Камал-Ата айылы деп өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып Т. Зулпуев айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Караке айылын Камал-Ата айылы деп өзгөртүлсүн.

2. Ушул токтомдун түп нускамасын кадастр мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалына жана Ноокат райондук шааркурулуш жана архитектура боюнча башкармалыгына маалымат иретине жиберсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, дин, укук, депутаттык, этика маданий каада салттар жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

К.Мурзаматов