Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-октябры № 38-2
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 2020-жылдын 21-октябрындагы 38-сессиясынын №12-протоколун аткарууга алуу жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Барын айылынын Курманжан-Датка көчөсүнүн көп кабатуу үйүнүн тургундарынын 2020-жылдын 21-октябрдагы жалпы чогулушунун №2–протоколунун карап чыгып Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-44 беренелерин жетекчиликке алып.Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Барын айылынын Курманжан-Датка көчөсүнүн көп кабатуу үйүнүн тургундарынын 2020-жылдын 21-октябрдагы жалпы чогулушунун №2 –протоколу бекитилишине макулдук берилсин.
2. Курманжан-Датка көчөсүнүн көп кабатуу үйүнүн алдындагы 16 чарчы метр жер тилкесине Акылбек к Гулсанага автоунаа коюучу гараж жана саркынды сууларды чыгарганга атайын септик курууга, иш кагаздарынын мыйзамдуулугун кароо Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылын көзөмөлдөөнү Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жер жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Мурзаматов |