Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-октябры № 38-4
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 2020-жылдын 21-октябрындагы 38-сессиясынын №12- протоколун аткарууга алуу жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 2020-жылдын 21-октябрындагы №12-протоколун аткарууга алуу тууралуу Өсөр айылынын тургуну Бакиров Акылбек Артыковичтин арызын канаттандыруу максатында.Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-44 беренелерин жетекчиликке алып.Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өсөр айылынын тургуну Бакиров Акылбек Артыковичтин арызын карап чыгып, Өсөр айылындагы жашап жаткан турак жайын 0,08 га (сотых) жер участогунБакиров Акылбек Артыковичтин жеке менчигинебекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну жеке менчикке бекитип берүүнү Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылын көзөмөлдөөнү Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жер жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Мурзаматов |