Редакцияот 03.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы

2020-жылдын 3-ноябры №2

Ноокат шаарынын Бостон кварталына курулган мектепке туалет куруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын Бостон кварталына курулган мектепке туалет куруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен Ноокат шаарынын Бостон кварталына курулган мектепке туалет куруу үчүн 870 416 (сегиз жүз жетимиш миң төрт жүз он алты) сом акча каражаты ажыратылып берилсин

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Төраганын орун басары:                                                                                                                                                                                                                                                               Г.Арапова