Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-ноябры №3
Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына курулган ФАПтын жылытуу системасын оңдоп түзөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына курулган ФАПтын жылытуу системасын оңдоп түзөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына курулган ФАПтын жылытуу системасын оңдоп түзөө үчүн 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары: Г.Арапова