НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы
2020-жылдын 3-ноябры № 7
Ноокат шаар мэриясынын жана Ноокат шаарынын Бостон кварталына курулган мектептин көрнөк-жарнактары үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын жана Ноокат шаарынын Бостон кварталына курулган мектептин көрнөк-жарнактары үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын жана Ноокат шаарынын Бостон кварталына курулган мектептин көрнөк-жарнактары үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 322 800 (үч жүз жыйырма эки миң сегиз жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары: Г.Арапова