Редакцияот 03.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы

2020-жылдын 3-ноябры №8

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасына 850 (сегиз жүз элүү) тонна көмүр сатып алуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 1 445 000 (бир миллион төрт жүз кырк беш миң) сом жана 2512 беренеси субсидия эсебине 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаттары ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төраганын орун басары:                                                                                                                                                                                                                Г.Арапова