Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июну № 37/1
Айыл өкмөттүн аймагында жазгы талаа жумуштарынын жүргүзүлүшү,айыл чарба жерлерин тактоо, КБФнын арендага берилген жерлерин максаттуу пайдалануу, көзөмөлгө алуу боюнча жер адистин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Айыл өкмөттүн аймагында жазгы талаа жумуштарынын жүргүзүлүшү, КБФнын жерлерин ижарага берүү боюнча тарифти бекитүү жөнүндө маалыматты угуп жана таалкуулап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы 31997-111 токтому менен бекитилген “КБФнын жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү” типтүү жобого ылайык Жошолу айылдык Кенешинин VI чакырылышынын ХХXVII заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Зикировдун жазгы талаа жумуштарынын жүргүзүлүшү, айыл чарба жерлерин тактоо, КБФнын ижарага берилген жерлерин максатуу пайдалануу боюнча маалыматынын негизинде бир катар жумуштардын аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Кайра бөлүштүрүү фондунун тактоого зарыл болгон жерлерин 15 (он беш) күн мөөнөт ичинде тактатып чыгуу ишин бүтүрүү жагы айыл өкмөттүн башчысына тапшырылсын.
3. КРнын Жогорку Кенешинин 2007-жылдын 29-июнундагы 31997-111 токтому менен бекитилген “КБФнын жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү” типтүү жобого ылайык КБФнын чөп чабынды жерлери 5 (беш), сугат жерлери 3 (үч) жылдан кем эмес мөөнөт менен ижарага берилсин.
Баштапкы баасы 1 га кайракы жер үчүн – 400 сом
Сугат жер үчүн - 1200 сом
Чөп чабынды алыскы жер үчүн - 600 сом
Жакынкы жер үчүн - 800 сом.
4. Айыл аймагындагы ички жолдорду тактоо боюнча иштерди жүргүзүү үчсун төмөндөгүдөй курамда комиссия курамы түзүлсүн жана жогорудагы көрсөтүлгөн тапшырмалар боюнча туура, так, өз мөөнөтүндө иш алып баруу дагы комиссиянын курамына милдеттендирилсин:
-Ж.Зикиров –айыл өкмөттүн жер адиси,
-А.Иманахунов –айылдык кеңештин депутаты (макулдашуу менен),
-Б.Сабаев- айылдык кеңештин депутаты (макулдашуу менен),
-Н.Кийизбаев –айылдык кеңештин депутаты (макулдашуу менен)
-М.Кенжебаев –жайыт комитетинин төрагасы,
-Бардык айылдын айыл башчылары.
5. Айыл өкмөтүнө келип түшкөн арыз-даттанууларды өз мөөнөтүндө чечүү, алар боюнча жеткиликтүү иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыздоо, конкурсту мыйзам чегинде , жобого ылайык өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине , салык кызматкерине жана айыл башчыларга милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | З.Боронов |