Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июну № 37/3
Социалдык маселелер боюнча комиссиянын жүргүзүп жаткан ишинин абалы, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пулдун чектелиши жөнүндө
Социалдык маселелер боюнча комиссиянын жүргүзүп жаткан ишинин абалы, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пулдун чектелиши боюнча айылдык кеңештин депутаты, социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Иманахунов Абдимажиттин маалыматын, соц. кызматкер Ж.Темирбаеванын отчетун угуп жана талкуулап
Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXХVII заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн соц. кызматкери, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча комиссиясы тарабынан айыл өкмөттө бир топ уюштуруучулук иштердин жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2. Айыл аймагында балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча көзөмөлдөө штабы тарабынан ата-энеси мигрант балдарды тактап, маалымат базасын түзүп, штабдын иштөө графиги түзүлүп, анын негизинде иш алынып барылсын.
3. Жашы жете элек өспүрүм балдарга карата зордук-зомбулуктун алгачкы тынчсыздандыруу белгилери аныкталган учурда тез арада маалымдоо үчүн «ишеним телефону 111 ди» көрүнөө жерлерге жайгаштыруу жана ал жөнүндө калк арасына жайылтылсын.
4. Бардык билим берүү мекемелеринин аты жазылбаган кат салуучу «сыр кутуча» жана ишеним телефону бар такталарды орнотуусу айыл өкмөтүнүн жооптуу адистери тарабынан көзөмөлгө алынсын.
5. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мамлекеттик жөлөк пулдарын чегерүүдө Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жөлөк пулдарды чектөө жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Алай райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы менен бирге иш алып баруу, кызматтык милдеттерин так жана өз убагында аткаруу жагыайыл өкмөттүн соц. кызматкери Ж.Темирбаевага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | З.Боронов |