Сравнение редакций…
КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 19 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 29-ноябрындагы ПЖ № 523 жарлыгы менен бекитилген 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында маданиятты жана көркөм өнөрдү өнүктүрүүнүн УЛУТТУК ПРОГРАММАСЫ Киришүү Кыргыз Республикасынын маданият чөйрөсүнүн артыкчылыктары жана негизги көйгөйлөрү Программанын максаттары жана негизги милдеттери Программанын негизги максаттары жана артыкчылыктары Күтүлүүчү натыйжалар Программаны ресурстук камсыздоо Программанын негизги багыттары Маданият чөйрөсүнүн укуктук жана институттук негиздерин өнүктүрүү Тарыхый-маданий мурасты, музейлерди, китепканаларды сактоо жана өнүктүрүү Кесипкөй жана салтка айланган көркөм өнөрдү стимулдаштыруу, чыгармачыл союздарды колдоо. Маданияттар ортосундагы алмашуу Маданият чөйрөсүнүн кадрдык жана илимий потенциалын өнүктүрүү Материалдык-техникалык базаны чыњдоо жана өркүндөтүү Маалымат чөйрөсүн өнүктүрүү Киришүү 2010-жылга чейин маданиятты жана көркөм өнөрдү өнүктүрүүнүн Улут-тук программасы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын28-сентябрдагы Кыргызстандын элине Кайрылуусуна ылайык, Кыргыз Респуб-ликасынын Президентинин чыгармачыл интеллигенция менен жолугушуусунуннатыйжалары боюнча иштелип чыкты. Руханий жана материалдык маданиятты сактоо жана калыбына келтирүүбоюнча иш программалык каражаттарды жана усулдарды колдонууну, таа-сирдүү уюштуруу жана финансылык колдоону талап кылат. Коом менен мамле-кеттин күч-аракетин атайын уюштурулган жана максатка багытталган про-цесске бириктирүү маданий деградациялануу зонасын жок кылууга, социал-дык-маданий мейкиндиктин бүтүндүгүн калыбына келтирүүгө, мамлекеттикжана коомдук түзүлүштүн үзүрлүү түрлөрүн жана формаларын иштеп чыгуугамүмкүнчүлүк берет. Бул Программа мамлекет менен коомдун турмушундагы маданияттын не-гизги маанисинен келип чыккан. Муну менен бирге маданият мамлекеттикжана коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүнө таасир тийгизген руханийдөөлөттөрдүн бүтүндөй системасы катары каралат, ал лайык демократиялыкмамлекеттин жашоо турмушунун шартында өзүнө элдердин адептик багыттарынсактап калуу милдетин алат. Программаны жүзөгө ашыруу калктын бардык катмарларынын ата-мекен-дик жана дүйнөлүк маданий чыгармаларга ээ болушун камсыз кылып, Кыргыз-стандын элдеринин тарыхый-маданий мурастарын сактап калууга, четөлкө-лөрдө Кыргызстандын маданиятынын жогорку баркын колдоого көмөк көрсө-төт. Бул Программа комплекстүү мүнөзгө ээ жана тийиштүү министрликтер-дин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү өзалдынча башкарууоргандарынын жигердүү көмөк көрсөтүүсү менен жүзөгө ашырылат, алардынаракеттерин Кыргызстандын маданиятын өнүктүрүүгө дем берүүгө чакырылганаракеттердин жана чаралардын системасын түзүү максатында Кыргыз Респуб-ликасынын Маданият жана маалымат министрлиги координациялап жана жөнгөсалып турат. Кыргыз Республикасынын маданият чөйрөсүнүн артыкчылыктары жана негизги көйгөйлөрү Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык кайра түзүүлөрдүнмезгилинде маданият жана көркөм өнөр жагында мамлекеттик саясаттын не-гизги максаты өлкөнүн мурдатан топтолгон маданий потенциалын сактоо жа-на жањы экономикалык мамилелерге өтүүнүн шартында аны өнүктүрүү болупсаналган. Маданият чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын башкы дурус натыйжасыКыргызстандын мурдатан топтолгон маданий потенциалын сактап калуудатурду. Негизинен өлкөнүн маданият институттарынын тармагы сакталып кал-ды, маданият объекттерин менчиктештирүүгө жол берилген жок. Маданият чөйрөсүндө аны демократиялаштыруу, башкаруу жагына кесип-көй чыгармачыл жана коомдук бирикмелерди, эларалык уюмдарды, фонддорду,көз карандысыз кесипкөй бирикмелерди түзүү жана тартуу маанилүү чек бо-луп калды. 15 жылдын ичинде "Маданият жөнүндө", "Документтердин милдеттүүнускалары жөнүндө", "Китепкана иши жөнүндө", "Тарых-маданий мурастардысактоо жана пайдалануу жөнүндө", "Музейлер жана музейлик фонд жөнүндө"Кыргыз Республикасынын мыйзамдары кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен 2003-жылдын 17-октябрында Па-риж шаарында ЮНЕСКОнун Башкы конференциясында кабыл алынган "Материал-дык эмес маданий мурастарды сактоо жөнүндөгү" Эларалык конвенция рати-фикацияланган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен 2003-жылдын28-октябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык шерик-тештигине мүчө мамлекеттердин китепкана иштери жагындагы кызматташтыкжөнүндө Макулдашуу, "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында китепканаишин өнүктүрүүнүн Концепциясы" бекитилген. "Кыргыз Республикасында концерттик иш жөнүндө", "Мамлекеттик ката-лог жөнүндө", "Музейлер жана музейлик фонд жөнүндө", "Кыргыз Республи-касынын аймагына маданий дөөлөттөрдү ташып келүүнү жана ташып кетүүнүнтартиби жөнүндө" Жоболор бекитилген. Жакынкы жана алыскы четөлкөлөр менен маданият жана көркөм өнөр жа-гында кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык биркатар макулдашууларга, меморандумдарга жана протоколдорго кол коюлган.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 24-ноябрындагы № 418"Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борборун түзүү жөнүндө" Жарлы-гына ылайык Улуттук маданий борбор түзүлгөн. Республиканын алдыњкы 9маданий жана көркөм өнөр ишканаларына "улуттук" деген статус ыйгарыл-ган. 15 жыл ичинде тармак боюнча маданият жана көркөм өнөр кызматкерле-ринин эмгек айлык акыларын көтөрүү 95%ды түзгөн. Министрликтин алдында маданият жана көркөм өнөр маселелерин иштепчыгуу жана чечүү боюнча компетенттүү жана кесипкөй мамиле кылууга жети-шүү максатында Көркөм кењеш түзүлгөн жана иштеп жатат, анын курамынаКыргызстандын көрүнүктүү маданий жана көркөм өнөр ишмерлери кирген. 15 жылдын аралыгында республикада 30дан ашык жањы мамлекеттик жанажеке кесипкөй чыгармачыл жамааттар пайда болду, Кыргызстандын маданийтурмушунун ар түрдүүлүгү кыйла өстү. Ошондой болсо да көркөм өнөр чөй-рөсүнүн абалы жана дењгээли бүгүнкү күндүн талабына толук жооп бере ал-байт. Мындай абал негизинен объективдүү шарттар, эњ оболу, финансы ка-ражаттарынын жетишсиздиги менен шартталган. Республиканын театр-оюн-зоок мекемелериндеги жањы коюлган оюндар-дын саны 1991-жылга салыштырганда жалпысынан 2,5 эсеге, Бишкек шаарында2 эсеге кыскарып кеткен. Бардык театр-оюн-зоок ишканалары көрүүчүлөрдүтейлөө боюнча планды аткарышпайт. Кинофильмдерди, драма, музыкалык, көркөм жана которулма чыгарма-ларды түзүүгө мамлекеттик заказдар жок, ушунун кесепетинен театрлардын,кинотеатрлардын, филармониялардын учурдагы репертуарлары начар жањыла-нат, коюлган оюндардын, спектаклдердин, концерттик программалардын дењ-гээли төмөн. Азыркы кездеги китептер, өзгөчө балдар жана өспүрүмдөрүчүн зарыл болгон китептер басып чыгарылбайт. Драма театрларда азыркы учурдун көйгөйлөрүн чагылдырган спектакл-дер сейрек коюлат, жањы музыкалык спектаклдер: опералар, балеттер, му-зыкалык драмалар, комедиялар аз коюлат, композиторлордун жањы чыгарма-лары өтө аз санда. Кыргызстандын тарых жана маданият эстеликтеринин азыркы абалыалардын кескин бузулушунан улам өзгөчө кооптонууну туудурат. Мунун не-гизги себеби эстеликтерди реставрациялоодогу жана консервациялоодогуубакыттын узак болуп кетишинде турат. Кыргызстандын эстеликтерин рес-таврациялоо мындан 15-20 жыл мурда жасалган. Коргоо зоналарынын жоктугу ландшафттык чөйрөнүн келбетин сактапкалууну кыйындатууда. Эстеликтерге жакын аймактарга системасыз курулуш-тарды куруу жаратылыш-табигый ландшафттардын кол тие электигин, табы-гыйлыгын жоготууга алып келүүдө. Реставрациялык иштердин дењгээли реал-дуу керектөөлөргө ылайык келбейт. Реставрациялык уюмдардын материал-дык-техникалык базасы начар. Фонддорду толуктоо маселеси музейлердин ишиндеги эњ актуалдуу ма-селе бойдон калууда. Соњку жылдардын ичинде жањы экспонаттар, жањы жаб-дуулар сатып алынбайт, масштабдуу музейлик долбоорлорду өткөрүүгө кара-жат жок. Соњку жылдары финансылык камсыз кылуу үчүн талаптагыдай шарттардытүзүү менен бекемделбестен, музейлерди түзүү салтка айланып кетти. Ре-гиондук музейлерде каттоону талапка ылайык жүргүзбөгөндүк кайталангысэкспонаттардын жок болуп кетишине алып келүүдө. Өздөрүнүн реставрация-лык мектебинин жоктугу чоњ кемчилик болуп саналат, республиканын ичин-де, ошондой эле андан тышкары жерде көргөзмө ишин алмашуу практикалан-байт. 1991-жылга салыштырганда республиканын музейлерине келгендердинсаны 40,4%га, экскурсиялар 32,8%га кыскарган, реставрациялоону талапкылган экспонаттардын саны 12 мињ бирдиктен ашат. Республиканын китепкана системасы өнүгүүнүн татаал мезгилин башы-нан өткөрүп жатат. Акча каражаттарынын тартыштыгына байланыштуу китепфонддору жањыланбайт. Колдо бар китеп ресурстарынын жарымынан ашыгы мо-ралдык жактан эскирген жана бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бербейт. 1991-жылга салыштырганда республиканын китепканаларынын фонду 2миллион бирдиктен (13,9%) ашыкка, жањы адабияттардын келиши - 72,1%гакыскарган. Мезгилдүү басылмаларга жазылуунун дењгээли орточо республикабоюнча 9 эсеге кыскарган, айылдык китепканалар соњку жылдары жылына ор-точо 1-3 гана жањы китептерди алышат. Маалымат менен камсыз кылуу чөйрөсү өтө төмөн техникалык дењгээлименен мүнөздөлөт. Китепканаларда азыркы кездеги компьютердик жана көчү-рүүчү техникалар жок, электрондук байланыш каражаттары өнүккөн эмес. Ушул эле мезгилдин ичинде клуб мекемелеринин тармагы 8,4%га кыс-карган. Клубдук түзүлүштөр республикада 40%га кыскарган, өздүк көркөм чы-гармачылыктын катышуучуларынын саны 52,4%га кыскарган. Маданият мекемелеринин, өзгөчө айыл жеринде, материалдык-техника-лык базасы өтө начар абалда турат. 480 клубдук мекеме типтүү жайлардан орун алган, 118 мекеме эптеш-тирилген жайларда жайгаштырылган. Көп жылдардан бери айылдык маданият мекемелеринин имараттары капи-талдык ремонттон өткөрүлгөн эмес. Клубдук мекемелердин жалпы санынын 51,1%ы капиталдык ремонтту та-лап кылат, 4,9%ы авариялык абалда турат, алар негизинен 50-70-жылдарыкурулган. Клубдук мекемелер, балдар музыкалык мектептери техникалык жактанначар жабдылган. Аларды музыкалык аспаптар, сахналык кийимдер мененкамсыз кылуу маселеси өтө курч турат. Транспорттун жана техникалык жаб-дуулардын жоктугу зор кыйынчылыктарды туудурууда. Жогорку окуу жайлар, кесиптик орто окуу жайлар үчүн атайын теория-лык сабактар боюнча мамлекеттик тилдеги окуу китептеринин жана окуу ку-ралдарынын жоктугу жањы окуу куралдарын басып чыгаруу үчүн каражат бө-лүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алууну талап кылат. Республиканын окуу жайларында орун алган адистиктердин номенклату-расы маданиятты өнүктүрүүнүн стратегиясына толук өлчөмдө жооп бербейт,жакынкы жылдарга ар кандай адистиктеги кадрларга болгон керектөөлөр жө-нүндө негиздүү жана анык маалымат жок, бул тармакты кадрлар менен кам-сыз кылууну божомолдоого кыйынчылык туудуруп, маданият жана көркөм өнөрчөйрөсүндө окуу жайларды өнүктүрүүнүн келечектүү программаларын иштепчыгууга терс таасир тийгизүүдө. Маданият кызматкерлеринин социалдык абалы жана жашоо дењгээли өтөтөмөн турат. Ал түгүл эмгек акынын жогорулашын эске алганда да маданияткызматкерлери бюджеттик чөйрөдөгү эњ төмөнкү айлык акыны алышат. Маданият жана көркөм өнөр мекемелери, окуу жайлар: "Эмгек акы","Социалдык фондго чегерүүлөр", "Тамактануу", "Стипендия" деген коргол-гон статьялар боюнча гана финансыланат. Жалпысынан алганда маданият чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жүргүзөтурган чечимдердин негизгилери төмөнкүлөрдө турат: - адабият, кино, драмалык жана музыкалык өнөр жагында чыгармалардыжаратууга мамлекеттик заказдар системасын түзүү; - маданият чөйрөсүндө ченемдик-укуктук базаларды чыњдоо, бул мада-ният жана көркөм өнөр мекемелеринин толук кандуу иштеши үчүн шарт тү-зүп, демөөрчүлөрдөн каражаттарды жигердүү тартуу мүмкүнчүлүгүн берет; - тармакты кадрдык потенциал менен чыњдоо; - маданият жана көркөм өнөр мекемелери көрсөткөн кызматтардын са-патын жана ар түрдүүлүгүн жогорулатуу, маданият жана көркөм өнөр меке-мелерине келгендердин санын өстүрүү; - маданият жана көркөм өнөр мекемелерин капиталдык ремонттон өткө-рүү, техникалык жактан жањылоо, жањы технологияларды киргизүү. Программанын максаттары жана негизги милдеттери Салттуу руханий, адеп-ахлактык, көркөм дөөлөттөрдү кайрадан калы-бына келтирүү, бүткүл маданият, көркөм өнөр жана адабият чөйрөсүн сис-темалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, дүйнөлүк маданий мейкиндиккеинтеграциялоо Программанын максаты болуп саналат. Алдыга коюлган милдеттерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынынмаданий чөйрөсүн өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй негизги багыттары сунуш кылы-нат: - маданият чөйрөсүнүн мыйзамдык жана ченемдик укуктук базасынөнүктүрүү; - тарыхый-маданий мурасты, музейлерди, китепканаларды, китеп басыпчыгарууну сактоо жана өнүктүрүү; - кесипкөй жана ышкыбоз көркөм өнөрдү стимулдаштыруу, чыгармачылсоюздарды колдоо; - маданияттын жана көркөм өнөрдүн кызматкерлерин кадрлар мененкамсыз кылуу жана социалдык жактан коргоо; - маданияттын жана көркөм өнөрдүн материалдык-техникалык базасынчыњдоо жана өркүндөтүү; - маалыматтык чөйрөнү түзүү. Программанын негизги максаттары жана артыкчылыктары Программа негизги стратегиялык максатка жетүүгө - кыргыз элининмаданиятын жана тилин сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган. Алардынмаанилүүлөрү болуп төмөнкүлөр эсептелет: - демократиялык укук мамлекетинин идеологиялык жана адеп-ахлактыкнегиздерин түзүү, анын ичинде чыгармачылык эркиндикти, жарандуулуктужана патриоттуулукту кадырлоо; - коомдун чыгармачыл потенциалын өнүктүрүү жана кайра чыгаруу үчүншарттарды түзүү; - кыргыз элинин маданий салттарын сактоо, тарыхый ањ-сезимдитүзүү. Коюлган максаттарга жетишүү үчүн Программа төмөнкүдөй артыкчылык-туу милдеттерди чечүүнү карайт: - азыркы мезгилдеги маданияттын жана көркөм өнөрдүн бардык түрлө-рүн жана жанрларын өнүктүрүүнү колдоо, Ата-Мекендик жана дүйнөлүк мада-нияттын баалуулуктарына бардык социалдык катмарлар үчүн жагымдуу шарт-тарды түзүү; - өлкөнүн тарыхый-маданий мурастарын сактоо жана аны коомдун мо-ралдык-адеп-ахлактык биригишинин маанилүү фактору катары пайдалануу; - маданият, көркөм өнөр мекемелеринин жана архив фондунун матери-алдык-техникалык базасын чыњдоо жана жањылоо; - маданияттын мамлекеттик да, мамлекеттик эмес да уюмдарынын өнү-гүшүнө ар тараптуу көмөктөшүү, маданият жана көркөм өнөр ишмерлерининчыгармачыл союздар жана башка коомдук бирикмелер менен өзара аракетинжана кызматташуусун чыњдоо, маданиятты өнүктүрүүнүн жана сактоонун бир-гелешкен долбоорлорун алардын ишке ашыруусу; - кыргыз маданиятынын бийик кадыр-баркын чет өлкөлөрдө колдоо, көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин өлкөлөрү менен маданий кызмат-таштыкты кењейтүү. Күтүлүүчү натыйжалар - маданият жана көркөм өнөр чөйрөсүндө укуктук базаны түзүү; - маданият жана көркөм өнөр чөйрөсүндө башкаруу системасынын на-тыйжалуулугун жогорулатуу; - маданияттын жана көркөм өнөрдүн туруктуу иштеген жана дайымаөнүгүп турган системасын түзүү; - маданий ишмердик үчүн шарттарды түзүү; - маданий баалуулуктардын коопсуздугун камсыз кылуу; - Кыргыз Республикасынын бирдиктүү маалыматтык мейкиндигин түзүү; - адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу жана кадрларды жер-жер-лерде иштегенге калтыруу; - маданият чөйрөсүн маалыматтык жана илимий камсыздоо; - тармактын материалдык-техникалык базасын чыњдоо; - Кыргыз Республикасынын кызыктыруучу кадыр-баркын түзүү. Программаны ресурстук камсыздоо Программа бюджеттен башка альтернативалуу каржылоо булактарыныналсыздыгынан максимум мамлекеттик колдоону талап кылат. Ишчараларды каржылоо белгиленген бюджеттин чегинде, финансылыкуюмдардын кредиттеринин, уюмдардын өздүк кирешелеринин жана башка бюд-жеттен сырткаркы каражаттардын эсебинен ишке ашырылат. Программаны ишке ашырууга 2007-2010-жылдарда республикалык бюджет-тин, жергиликтүү бюджеттин каражаттары, ошондой эле тартылган каражат-тар колдонулат. Каржылоонун бюджеттик жана бюджеттен сырткаркы булакта-рын айкалыштыруу болжолдонууда. Республикалык бюджеттен жалпы сарптоолор 1423,6 млн. сомду, аныничинде 2007-жылы - 282,6 млн. сомду, 2008-жылы - 485,9 млн. сомду,2009-жылы - 36,6 млн. сомду, 2010-жылы - 293,5 млн. сомду түзөт. Программанын негизги багыттары 1. Маданият чөйрөсүнүн укуктук жана институттук негиздерин өнүктү-рүү. 2. Тарыхый-маданий мурасты, музейлерди, архив фондун, китепкана-ларды сактоо жана өнүктүрүү. 3. Кесиптик жана салтка айланган көркөм өнөргө дем берүү, чыгарма-чыл бирликтерди колдоо. Маданият аралык алмашуу. 4. Маданият чөйрөсүнүн кадрдык жана илимий потенциалын өнүктүрүү. 5. Материалдык-техникалык базаны бекемдөө жана модернизациялоо. 6. Маалыматтык чөйрөнү өнүктүрүү. Маданият чөйрөсүнүн укуктук жана институттук негиздерин өнүктүрүү Акыркы он жылдагы социалдык-экономикалык жана саясый кайра өзгө-рүүлөр кыргыз коомунун андан ары өнүгүшүнө кыйла таасир көрсөттү. Сая-сый түзүлүштүн жањы түрлөрүнө жана чарба жүргүзүүнүн ыкмаларына өтүүмаданият, көркөм өнөр, адабият, тарыхый-маданий мурастар жана кинема-тография, жалпыга маалымдоо каражаттары жана архивдик иш чөйрөсүндөгүбүткүл ченемдик-укуктук базаны кайра карап чыгууну талап кылат. Саналып өткөн тармактардын көптөгөн мыйзамдары жана мыйзам алдын-дагы актылары 90-жылдардын башталышында, башка доордо кабыл алынган,бул көптөгөн коллизиондук ченемдердин, айрым учурларда өзара жокко чы-гаруучу чечимдердин болушуна өбөлгө болгон. Көпчүлүк ченемдик-укуктукактылар азыркы чындыкка жана тенденцияларга, тармак менен аралаш мый-замдардын ченемдерине ылайык келтирүүнү талап кылат. Кээ бир бөлүктөрүаларда чагылдырылган социалдык-коомдук мамилелерди жөнгө салууга прин-ципиалдуу жањы мамилени иштеп чыгууга муктаж. Кыргыз Республикасынынмыйзамдарынын ченемдерин эларалык келишимдерге ылайык келтирүү зарыл. Өзгөчө маданиятты керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын жана укуктарынкоргогон ченемдер керек. Тактап айтканда бүгүнкү күндө коомдо адамдар-дын психикасын жана ањ сезимин бузган маданий экстремизмден, маданият-тын деструкциялык көрүнүштөрүнөн укуктук жактан коргоонун аракеттүү ме-ханизмдери жок. Маданияттын дењгээлин жогорулатуу үчүн эмгекке акы төлөөнүн жањымеханизмдерине жана тармактык системасына өтүү зарыл. Маданият тармагы-на анын өзалдынча өнүгүүсү үчүн акча каражаттарын иштеп табууну кыйлажигердештирүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек. Өздөрү иштеп табуу менен мада-ният мекемелери көнүмүш болуп калган керектөөчү мамиледен чыга алышмак. Өткөн кылымдын 90-жылдарынан тартып маданият мекемелеринин функци-ялары каралып чыккан эмес. Тармакты реструктуризациялоо жана оптимал-даштыруу жөнүндө маселе мекемелердин тибин, ошондой эле региондордунгеографиялык, демографиялык жана башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу мененбиринчи даражадагы милдеттерден болуп калууда. Оптималдаштыруунун бирден-бир багыттарынын бири болуп региондордобар болгон бир катар маданият мекемелерин бириктирген көп функциялуукомплекстерди түзүү болушу мүмкүн. Бюджеттик процесстерди оптималдаштыруунун башка бир багыты болупфинансылоонун түрлөрүн тандоо болушу керек. Бул тандоо мамлекеттик за-казды жайгаштыруу менен смета боюнча финансылоонун ортосунда жасалышыкерек. Мамлекеттик заказды кыйла өзалдынча кирешелери бар маданият ме-кемелерине жайгаштыруу максатка ылайыктуу. Бул алгач театрларга тиеше-лүү. Акча каражаттарын өзалдынча иштеп табуу мүмкүнчүлүгү жок китепка-налар сыяктуу мекемелер бөлүгүнөн алганда бюджеттик финансылоо колдону-шу керек. Милдеттер: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында маданият чөйрөсүндөгү жањымыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана карама-каршылыктарды четтетүү.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин эларалык келишимдергеылайык келтирүү; - институттук негизди бекемдөө. Бул чөйрөдө бардык функциялардыкайталоону жана ишке ашырууну алып салуу үчүн маданият саясатынын чөй-рөсүндө вертикалдуу жана горизонталдуу функциялык талдоону жүргүзүү; - "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралганреспубликалык бюджеттин чыгаша бөлүгүндө маданиятты жана искусствонуфинансылоонун 3 пайыздык көлөмүнө жетишүү; - маданият саясатынын финансылык негиздерин бекемдөө. Меценаттыктыөнүктүрүү жана маданият чөйрөсүнө жеке инвестицияларды тартуу үчүн че-немдик укуктук базаны түзүү. Берилген акы төлөнүүчү жана кошумча кызматкөрсөтүүлөрдөн маданият мекемелеринин кирешелерин жогорулатуу. "Мадани-ятка карызды алмашуу" механизмин ("Экологияга карызды алмашуу" жана"Социалдык программаларга карызды алмашуу" деген механизм менен анало-гия боюнча) ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн иликтөө; - театр-оюн-зоок мекемелерин иштин контракттык формасына өткөрүү; - маданият уюмдары үчүн жењилдетилген салык төлөөнү киргизүү; - маданият жана көркөм өнөр кызматкерлерине эмгек акыны жогорула-туу; - билим берүү, социалдык жактан коргоо, туризм мекемелери мененкызматташтыкты кењейтүү, мурдагы дурус ченем чыгаруу тажрыйбасын эсепкеалуу. Тарыхый-маданий мурасты, музейлерди, китепканаларды сактоо жана өнүктүрүү Жаратылыштык жана маданий мурастын байлыгы, кењири руханий жанаматериалдык мурас кыйла даражада Кыргыз Республикасынын бизнес, инвес-тиция, туризм жана орун-очок алуу үчүн кызыктуулугун шарттайт. Кыймылдуу жана кыймылсыз мурасты: китепканалык, музейлик, архив-дик, кино, фото жана башка ушундай фонддорду сактоо боюнча иштин маани-лүүлүгүн белгилөө зарыл. Өзгөчө маанилүү милдет - китеп чыгарууну өнүк-түрүүгө, аны дањктоого дем берүү, ал өлкөнүн маданиятынын руханий зоркатмары болуп саналат. Бул багыттагы ишти камсыз кылуу үчүн маданият органдарынын минист-рликтер, ведомстволор, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары мененплан ченемдүү биргелешкен уюштуруу иши зарыл. Милдеттер: - маданий мурас обьекттерин түгөлдөөнү жүргүзүү, маданий мурасобьекттерин ойдогудай абалда сактоо; - уникалдуу китеп басылмаларын, архивдик документтерди, фильм фон-дунун запастарын сактоо, архивдердин фонддорунун, китепканалардын,фильм фонддорунун өзгөчө баалуу бирдиктерин камсыздандыруучу көчүрүү; - маданий дөөлөттөрдү сактоонун коопсуздугун камсыз кылуу; - азыркы маалымат технологияларын пайдаланууда, маданият чыгарма-ларын электрондук булактарда түзүүдө аларды сактоонун коопсуздугун кам-сыз кылууда музейлердин, китепканалардын жана архивдердин артта калышы-нан арылуу; - мамлекеттик реестрди, маалыматтардын электрондук базаларын, ки-тептик, музейлик фонддор, мезгилдүү, улантылган басылмалар боюнча лето-пистерди түзүү; - Кыргызстандын китепканалык-маалыматтык, музейлик ресурстарын то-луктоо. Кесипкөй жана салтка айланган көркөм өнөрдү стимулдаштыруу, чыгармачыл союздарды колдоо. Маданияттар ортосундагы алмашуу Чыгармачыл көп түрдүүлүк Кыргыз Республикасынын жагымдуу образынкалыптандырууга олуттуу салым кошкон, жашоонун сапатына, Кыргыз Респуб-ликасынын туризмин өнүктүрүүгө жана экономикасын калыптандырууга таасирэткен фактор катары каралууга тийиш. Кесипкөй жана ышкыбоз жамааттарды чыгармачыл өнүктүрүү үчүн макси-малдуу жагымдуу шарттарды түзүү менен катар таланттарды колдоо аныктоо-чулардын бири болуп калууга тийиш. Дүйнөлүк рыноктордо Кыргызстандын атаандаштыкка кудуреттүүлүгүнкүчөтүү үчүн оригиналдуу товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, интеллекту-алдык продуктуларды өндүрүүгө жана таратууга ар тараптан көмөктөшүү ке-рек. Милдеттер: - улуттук фильмдерди, көркөм өнөрдүн музыкалык, театрдык, башкатүрлөрүн өндүрүүнү мамлекеттик колдоону камсыз кылуу; - оюн, балдар, анимациялык, ошондой эле оюн эмес улуттук фильмдер-ди кино өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү; - мамлекет менен маданияттын жана көркөм өнөрдүн мекемелеринин со-циалдык өнөктөштүгүн калыптандыруу; - чыгармачыл иштин спецификасына жооп берген жана мамлекеттик кол-доону жана кошумча финансылык булактарды бириктирүүгө мүмкүндүк бергенчарба жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгуу; - маданияттын жана көркөм өнөрдүн мамлекеттик эмес уюмдарын колдоомеханизмдерин иштеп чыгуу - чыгармачыл союздарды колдоо; - көркөм өнөр чыгармаларын жаратууга гранттардын, конкурстардын,стипендиялардын, мамлекеттик заказдардын системасын кењири өнүктүрүү; - ар бир региондо окуучуларга, студенттерге жана аспиранттарга гу-бернатордук стипендияларды уюштуруу; - маданияттын өзгөчө маанилүү объекттерин күтүүгө гранттык негиз-дерди калыптандыруу; - адабият, маданият жана көркөм өнөр жагынан мыкты иштер үчүн аржылдагы сыйлыктарды, конкурстарды уюштуруу; - камкордук көрүүчү кењештерди ар тараптан өнүктүрүү; - айылда маданиятты кайра жаратуу жана өнүктүрүү, элдик майрамдар-ды жана фестивалдарды өткөрүү салттарын, салтка айланган көркөм колөнөрчүлүктү сактоо; - элдик чыгармачылык өнөрпоздорун, өнөрү бар таланттуу инсандардыдаректүү материалдык жана адеп-ахлактык колдоо; - кесипкөй жана ышкыбоз көркөм өнөрдү уюштуруунун инновациялыкдолбоорлорун турмушка ашыруу; - маданият чөйрөсүндө аракеттенген мекемелерди жана жеке адамдар-ды, чыгармачыл кесиптердин өкүлдөрүн бириктирген чыгармачыл союздардыжана башка коомдук уюмдарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү; - ак ниеттүү атаандаштыкка көмөк көрсөтүү максатында маданият чөй-рөсүндө иштерди жүзөгө ашырган мамлекеттик эмес уюмдарды өнүктүрүү үчүншарттарды түзүү. Маданият чөйрөсүнүн кадрдык жана илимий потенциалын өнүктүрүү Кадр проблемасы бүгүнкү күндө алда канча курч турат. Тармактанадистердин кетиши жана жаштардын аз келиши маданий процесстин өндүрүм-дүүлүгүн жана сапатын төмөндөтүп, демилгенин начарлашына жана маданиятчөйрөсүнүн өнүгүшүнүн солгундашына алып келүүдө. Милдеттер: - республиканын райондорунан окуу жайларына максаттуу топтоону жү-зөгө ашыруу, мында аз камсыз болгон үйбүлөлөргө өзгөчө көњүл буруу; - адистердин жана жетекчилердин кадрдык потенциалын түзүү; - маданият жана көркөм өнөр чөйрөсүндө үзгүлтүксүз билим берүүнүнүч баскычтуу системасын (мектеп, окуу жайы, ЖОЖ) камсыз кылуу; - маданият уюмдарынын жана маданият чөйрөсү үчүн башкаруучу кадр-ларды калыптандырган билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланыштар-ды чыњдоо жана өзара аракеттенүүнү кењейтүү; - маданият жана көркөм өнөр кызматкерлеринин социалдык жактан кор-голушун күчөтүүгө көмөктөшүүчү иш-чараларды иштеп чыгуу; - маданият кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуунун учурда-гы системасын калыптандыруу; - акы төлөнүүчү жана кошумча кызмат көрсөтүүлөрдөн маданият меке-мелеринин кирешелерин жогорулатуу; - республиканын маданият кызматкерлеринин маалымат базасын түзүү,кадрларга муктаждыктарды болжолдоо; - маданий билим берүү процессинин усулдук жактан камсыз кылынышы-нын дењгээлин жогорулатуу; - инновациялык моделдерди жана методикаларды, учурдагы техникалыкжана технологиялык каражаттарды өздөштүрүү; - билим берүү функциясын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө жана артыкчы-лыктуулугуна коомдун көњүлүн бурууга багытталган маданий-билим берүүишин өнүктүрүү. Материалдык-техникалык базаны чыњдоо жана өркүндөтүү Материалдык-техникалык базанын абалы маданият жана көркөм өнөр ме-кемелеринин эњ курч проблемаларынын бири болуп саналат. Маданият жанакөркөм өнөр мекемелерине жүктөлгөн функцияларды аткаруу стабилдүү бюд-жеттик финансылоо менен камсыз кылынууга тийиш. Маданият мекемелери ээ-леген имараттарды жана жайларды ойдогудай түргө келтирүү үчүн кыйлакүч-аракеттер талап кылынат. Азыркы учурда маданият мекемелерин өнүктүрүү жана сактоо үчүн жањышарттарды жана кубаттуулуктарды түзүү талап кылынат, ал имараттардытехникалык жактан өркүндөткөн, жањы технологияларды киргизген шарттагана мүмкүн. Милдеттер: - республикалык, ошондой эле региондук дењгээлдерде маданият жанакөркөм өнөр мекемелеринин объекттерин шашылыш баштан-аяк жана учурдагыоњдоодон өткөрүү; - айылдык маданият мекемелерине: клубдарга, музейлерге оњоодо,жабдууларды жана музыкалык шаймандарды сатып алууда уюштуруу жана мате-риалдык колдоо көрсөтүү; - маданият жана көркөм өнөр мекемелери, чыгармачыл уюмдар ээлегенаянттарды кењейтүү, жањы объекттерди куруу, - кино жүгүртүү жана кино көрсөтүү түйүнүн түзүү, колдо болгон ки-нозалдарды реконструкциялоо жана кайра жабдуу, айыл жеринде кино-жанавидеотүзүлүштөрдү пайдаланууга киргизүү, - мамлекеттик театрлардын жана концерттик уюмдардын материал-дык-техникалык базасын чыњдоо Маалымат чөйрөсүн өнүктүрүү Массалык коммуникацияларды өркүндөтүү калктын маалыматка жеткилик-түүлүгүн жакшыртуунун шарты болуп саналат. Бул багытта өлкөнүн телера-диоберүү комплексин өнүктүрүү стратегиясын түзүү артыкчылыктуу болупсаналат, ал жањы техникалык дењгээлге өтүү, анын ичинде аналогдук теле-радиоберүүнү цифралыкка алмаштыруу жолу менен турмушка ашырылат. Техни-калык жаткан кайра жабдуу өлкөнүн калкын социалдык жактан маанилүү бол-гон долбоорлор менен камтууга мүмкүндүк берет, алар адистештирилгенпрограммалардын санын жана сапатын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет, алар жа-њылык, билим берүү, көркөм, илимий-таануу, спорттук, балдар, музыкалыкжана жарандардын суроо талаптарын канаттандырган башка программалардыкамтыйт. Берүүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кењейтүү, анын ичинде Интернетти ке-њейтүү социалдык жактан жооптуу продуктуларды түзүүнү артыкчылыктуумилдет кылат, алар билим берүү, илим, тарых темалары боюнча агартуудолбоорлоруна, оњ каармандын образын түзгөн көркөм чыгармаларга, патри-оттук тарбиялоого жана терроризмге каршы күрөшүүгө багытталган програм-маларга мамлекеттик гранттардын системасы менен колдоого алынууга тий-иш. Техникалык жабдылышын өркүндөтүү жана социалдык багыттагы продук-туларды колдоо жалпыга маалымдоо каражаттарына жана китеп чыгаруу меке-мелерине зарыл. Милдеттер: - өлкөнүн калкын телерадиопрограммалардын социалдык жактан маани-лүү пакети менен максималдуу камтууга жетишүү, маалыматтык, көркөм,илимий-таануу, спорттук, балдар, музыкалык жана башка берүүлөрдү камты-ган адистештирилген программалардын санын жана сапатын арттыруу; - басылма жалпыга маалымдоо каражаттарын жана китеп чыгаруу ишинколдоо; - телерадиоберүү ишин лицензиялоонун жана контролдоонун алда канчанатыйжалуу тартибин иштеп чыгуу.