Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июну № 37/4
Айыл өкмөтүндөгү калкты медициналык жактан тейлөөдө айылдык эмканалардын жүргүзуп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Айылдык эмканалардын башчылары Т.Джапарова, Н.Отолова жана Айти кызы Гүлдардын жүргүзүп жаткан иштери тууралуу айылдык кенештин депутаты А.Иманахуновдун маалыматын угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXХVII заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүндөгү калкты медициналык жактан тейлөөдө айылдык эмканалар тарабынан бир топ уюштуруучулук иштердин жүргүзүлгөндүгү белгиленсин жана аткарылган иштери «канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Айыл аймагындагы калктын саламаттыгын сактоо, кургак учук, аз кандуулук, сарык ж.б. оорулардын алдын алуу максатында бериле турган эмдөөлөрдү өз убагында жүргүзүү, азыркы учурда кеңири жайылып жаткан коронавирус оорусунун алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча эмканалардагы медицина кызматкерлеринин ишин уюштуруу эмканалардын башчыларына жүктөлсүн.
3. Айылдык эмканалардын документтерин тактап, айыл өкмөттүн балансасына кыска мөөнөттө 15 (он беш) күндүн ичинде өткөрүп берүү жагы эмканалардын башчыларына жана айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | З.Боронов |