Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-марты № 37-2
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси М.Калматовго материалдык жардам жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси М.Калматовдун арызына жана экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин сунуш долбооруна негиз, ооруп калгандыгына байланыштуу, ага материалдык жардам көрсөтүү максатында экономика жана бюжет боюнча туруктуу комиссия карап чыгып, угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адис М.Калматовго айыл өкмөтүнүн бюджетинен 10 000 (он миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын айыл өкмөт башчысы С.Миңбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Пирматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Туманов |