Редакцияот 28.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезексиз 38-сессиясы

 

2020-жылдын 28-майы № 38-2

Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019- жылдын 12-ноябрындагы 6-чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын 31-11 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын 12-ноябрындагы 6-чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын 31-11 токтомунда Жайыт комитетине АРИСтин “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун алкагында айыл аймагына жүк ташуучу автосамосвал сатып алуу үчүн өздүк салымы катары айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө бекитилген. Бирок жогоруда бекитилген токтом долбоор тарабынан жүк ташуучу унаа өз убагында келбей калгандыгына байланыштуу, ишке ашырылбай калган. Ошол себептен долбоор 2020-жылда ишке ашкандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Бюжеттик кодексинин” 4-бөлүмүнүн 5-главасынын 28-беренесине негиз Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт комитетине АРИСтин “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун алкагында айыл аймагына автосамосвал сатып алуу үчүн өздүк салым катары 443 750 (төрт жүз кырк үч миң жети жүз элүү сом) сом акча каражаты, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2020-жылдык бюджетинин аппараттык башкаруу (70111) бөлүмүнүн активдер (3111) беренесинен ажыратылсын.

2. Ажыратылган акча каражаты айыл өкмөтүнүн экономикалык маселелер (70491) бөлүмүнө коюлуп, Автосамосвал айыл өкмөтүнө алынып келинип, айыл өкмөтүнүн балансына алынгандан кийин төлөнүп берилсин.

3. Ажыратылып берилген акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп, иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Миңбаев Саттарали Мукумовичке жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Туманов