Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-майы № 38-6
Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга карата киреше бөлүгүн жогорулатуу жөнүндө
Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын жана Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, соода жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин сунуш долбоорун карап, таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга карата бекитилген киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. 2020-жылдын 9 айына карата Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин киреше бөлүгүнө карата план тапшырмасынын аткарылышына негиз, кошумча план катары 131 700 (бир жүз отуз бир миң жети жүз) сом кошумча план коюлсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Туманов |