Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 1-июну № 2
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-2021-2022-2023-жылдарга болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сабыржанов Эркинбек Мэражидиновичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-2021-2022-2023-жылдарга карата киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоорлонгон пландарын Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 38-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоорлонгон планы 42783,4 миң сом, 2021-жылга 41931,6 миң сом 2022-жылга 42837,6 миң сом, 2023-жылга 42837,6 миң сом болжолдонуп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |