Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-декабры №20-1
Өзгөн шаарынын саркынды сууларын тазалоочу курулмасын куруу үчүн Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы №998 контурда жайгашкан 4.71га жер тилкесинин багытын өзгөртүү боюнча
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 998 контурда жайгашкан 4.71га жер тилкесинин багытын ошол контурдан үлүш алган жарандардын макулдугунун негизинде жана Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен Өзгөн шаарынын саркынды сууларын тазалоочу курулманын курулушун эске алып,талкуулап Баш-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы №998 контурунда жайгашкан айыл чарба категориясындагы 4.71га жер тилкеси социалдык муктаждыктар үчүн же Өзгөн шаарынын саркынды сууларын тазалоочу курулмасынын курулушу үчүн башка категорияга которулсун.
2. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы №998 контурунда жайгашкан 4.71га жер тилкеси айыл чарба багытындагы категориясынан өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонунун жана башка багытындагы жерлер категориясына которулсун.
3. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынына (/.Кошуев) жер участогун мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын суралсын.
Төрага | Т.Эргешбаев |