Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-сентябры № 2
«Чоң-Алай айыл өкмөтүндө органикалык аймак түзүү жөнүндө
Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын 39-сессиясынын кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтүндө органикалык айыл чарбасынын жана жаратылыш ресурстарын үнөмдөөчү технологияларын жайылтуу, айыл жашоочуларына экологиялык таза, органикалык азыктарды өндүрүүгө шарттарды түзүп, аларды таза азыктар менен камсыз кылуу, өндүрүлгөн органикалык азыктарды сатууга өбөлгө түзүү менен айыл жашоочуларынын экономикалык абалдарын жакшыртуу аркылуу айыл жеринде туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында Чоң-Алай органикалык аймагы болуп түзүлсүн.
2. Органикалык аймакта органикалык айыл чарба технологияларын жайылтуу, биопрепараттарды, этномофагдарды колдонуу, органикалык жер семирткичтерди өндүрүү, органикалык азыктарды өндүрүү, кайра иштетүү, таңгактоо, сактоо, сатуу стандарттары жана сертификаттоо эрежелери боюнча практикалык жардамдарды алуу жана ошондой эле мындан ары органикалык аймактагы чарбалык иштерди жандандыруу үчүн инвестиция тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинен суралсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына, жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго жана Органикалык айыл чарба департаментинин Ош территориалдык филиалынын директору И. Эминбаевага милдеттендерилсин.
Төрага | Н.Маматназаров |