Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-сентябры № 3
Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 5-июлундагы № 28-сессиясынын кезектеги отурумунун № 5-токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 39-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 5-июлундагы № 28-сессиясынын кезектеги отурумунун № 5-токтомунун биринчи пункутунда көрсөтүлгөн ушул эле категориянын каналдар жана курулуш алдындагы жерлер түрүнө деген сөздөр «Айыл чарба багытындагы» жерлер категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөт башчысы Т.Жайчибековго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |