Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-сентябры № 4
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн кыскартуу жөнүндө
Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 39-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл аймагына 2020-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына 1104,0 (бир миллион бир жүз төрт миң үч жүз) сомго план тапшырма бекитилген, 2020-жылга бекитилген план тапшырманы аткарууга жыл ичинде мүмкүнчүлүк болбогондугуна байланыштуу жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнөн 250,0 (эки жүз элүү миң) сом аталган салыктын түрүнөн кыскартылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |