Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-октябры №1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Шыбак айылында муниципалдык менчикте турган жер аянтына курулуучу мал сарайга макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 40-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Шыбак айылынын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында Корея Мамлекетинин эл аралык кызматташуу агенттигинин Койка долбоорунун 2-этабы менен Кара-Шыбак айылындагы муниципалдык менчикте турган жер аянтына мал сарай курууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөт башчысы Т.Жайчибековго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |