Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-октябры № 2
Чоң-Алай айылдык кеңештин 2017-жылдын 3-майындагы № 5-токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 40-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Токтомдун 1-пунктундагы текст толугу менен алынып салынып төмөнкү текст менен толукталсын.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы калкты турак жай менен камсыз кылуу максатында Кум-Талаа участкасынан 80,0 га,Балтырганды участкасынан 45,0 га, Какыр участкасынан 13,0 га, Арык-/стү участкасынан 7,0 га, Сары-Таш участкасынан 1,30 га жалпы: 146,3 га жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынын таштуу жайыт түрүнөн, «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөт башчысы Т.Жайчибековго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |