Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-октябры № 3
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин айыл өкмөттүн 2020-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 40-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин турак жай коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр 2215 беренесинде сарпталбай калган 500,0 миң сом акча каражаты билим берүү разделинин 2222 беренесине жылдырылып иштетилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чон-Алай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Сабыржановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |