Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-октябры № 41-3
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынын тургуну Касымжан уулу Мамбетке материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынын тургуну Касымжан уулу Мамбеттин арызына негиз, анын уулу Касымжанов Акбий Мамбетович I стадиядагы аккан (острый лейкоз из В-клеток предшественников, вариант ВII-common) оруусу ооруп калгандыгына байланыштуу, даарылануусуна акча каражаты жетишсиздигинен, ага материалдык жардам көрсөтүү максатында экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссия карап чыгып, угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынын тургуну Касымжан уулу Мамбетке айыл өкмөтүнүн бюджетинин резервдик фондунан 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын айыл өкмөт башчысы С.Миңбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ш. Абдуллаевге жүктөлсүн
Төрага | О.Исаков |