Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-октябры № 41-4
Көк-Жар айыл өкмөтүнун башчысы С Минбаевдин 2020-жылдын 27-октябрындагы №1135 сандуу сураныч каты жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С Минбаевдин 2020-жылдын 27-октябрындагы №1135 сандуу сураныч катына негиз, Жийде айылынын тургуну Акимов Канатбектин, өзүнө караштуу турак-жайы 2002-2003-жылдардагы системалык каттоого кандайдыр бир себептер менен катталбай калгандыгын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамына негиз, Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С Минбаевдин 2020-жылдын 27-октябрындагы №1135 сандуу сураныч катына негиз, Жийде айылынын тургуну Акимов Канатбектин, өзүнө караштуу турак-жайы 2002-2003-жылдардагы системалык каттоого өтпөй калгандыгына байланыштуу, жеке менчигине бекитилип берилсин.
2. Иш-кагаздарын даярдоо жана токтомду бекитип берүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.
Төрага | О.Исаков |