Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-октябры № 41-5
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С. Минбаевдин 2020-жылдын 27-октябрындагы №1132 сандуу сураныч катын кароо жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С. Минбаевдин 2020-жылдын 27-октябрындагы №1132-сандуу сураныч катына негиз, Жийде айылында жайгашкан КБФнын жеринен суралып жаткан 5га жер аянтын, кайрымдуу фонду тарабынан комплекс мектеп, бала бакча, спорт комплекс жана ФАП куруу максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негиз, мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынан комплекс куруу максатында суралып жаткан 5га жер аянтына, кайрымдуу фонду тарабынан комплекс мектеп, бала бакча, спорт комплекс жана ФАП куруу жер аянты Көк-Жар айыл өкмөтү тарабынан, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негиз, транформациялоо үчүн, жогорку органдарга кайрылуу жагына макулдук берилсин.
2. Иш-кагаздарын даярдоо жана токтомду бекитип берүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.
Төрага | О.Исаков |