Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-октябры № 41-7
1-ноябрь Кыргыз Милицисынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдык майрамынын урматына карата Көк-Жар айымактын милициянын ардактуу эс алуудагы кызматкерлерге Көк-Жар айылдык кеңешинин “Ардак грамотасы” берүү жөнүндө
1-ноябрь Кыргыз Милицисынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдык майрамынын урматына карата ардактуу эс алуудагы милициянын капитаны Сарыкулов Бактыяр Исмановичке, милициянын сержанты Исаков Орозали Нурмаматовичке, милициянын кенже лейтенанты Жарматов Абдыганы Жаанбаевичке, Көк-Жар айылдык кенештин Ардак грамотасын берүү жөнүндө “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамына негиз, мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-ноябрь Кыргыз Милицисынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдык майрамынын урматына карата Көк-Жар аймактык милициянын ардактуу эс алуудагы кызматкерлери, милициянын капитаны Сарыкулов Бактыяр Исмановичке, милициянын сержанты Исаков Орозали Нурмаматовичке, милициянын кенже лейтенанты Жарматов Абдыганы Жаанбаевичке, Көк-Жар айылдык кенештин Ардак грамотасын берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана Көк-Жар айылдык кенешинин жооптуу катчысына жуктолсун.
Төрага | О.Исаков |