Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-октябры № 41-9
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С. Минбаевдин 2020-жылдын 26-октябрындагы №1129 сандуу сураныч катын кароо жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С. Минбаевдин 2020-жылдын 26-октябрындагы №1129-сандуу сураныч катына негиз, Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү борбордук базарыны айланта курулган майда күркөлөрдүн курулуштардын колдонуу мөөнөтүнүн эскилиги жетип калгандыгына байланыштуу бардык курулмаларды кайрадан ондоп түзөөгө макулдук берүү жөнүндө “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамына негиз, мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С. Минбаевдин 2020-жылдын 26-октябрындагы №1129-сандуу сураныч катына негиз, Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү борбордук базарыны айланта курулган майда күркөлөрдүн курулуштардын колдонуу мөөнөтүнүн эскилиги жетип калгандыгына байланыштуу бардык курулмаларды кайрадан ондоп түзөөгө макулдук берилсин.
2. Иш-кагаздарын даярдоо жана токтомду бекитип берүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын
Төрага | О.Исаков |