Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-декабры № 20/1
Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XX сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамына ылайык жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 26-ноябрындагы №4 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) 3.4. бапынын 17 абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
“- уюштуруу жана кадр маселелери боюнча кабыл алынган чечимдери тескеме түрүндө жеке өзү гана тарабынан кабыл алынат.
Жергиликтүү кеңештин төрагасынын тескемеси, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.”;
2) 5.6. бапынын
а) биринчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияга ылайык толукталсын:
“Шаардык кеңештин депутаттары көпчүлүк фракцияларынын коалициясына бириккен учурда бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагалыгы, шаардык кеңеште азчылык фракция же фракциялардын коалициясы болбогон учурларды кошпогондо, азчылык фракцияга же фракциялардын коалициясына берилет.” ;
б) үчүнчү жана төртүнчү абзацы
Бюджет жана финансы маселелери боюнча шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын курамы шаардык кеңешти түзүүчү бардык фракциялардын же фракциялардын коалициясынын мүчөлөрүнөн түзүлөт.
Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өз ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алышат.
3) 5 бапы 5.32. бапы менен толукталсын “Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте туруктуу негизде жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын иш-аракетинин үзүрдүүлүгүн жана натыйжалуулугун ачыктоо максатында аларга мониторинг жүргүзөт жана баа берет.
Туруктуу комиссиялар ченемдик укуктук актыларга мониторинг жүргүзүүдө жана баа берүүдө көз карандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн тартууга укуктуу.”.
4) 11.2. бапы үчүнчү абзацы төмөндөгүчө толукталсын: “Жергиликтүү кеңештин карамагына кирген маселелер тиешелүү туруктуу комиссиялар тарабынан алдын ала каралбай туруп, жергиликтүү кеңештин сессиясында каралышы мүмкүн эмес.”
5) 12.4.1. бапы менен толукталсын “Депутаттын жыйналышка катышпоосунун жүйөлүү себептери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) эмгекке убактылуу жарамсыздыгы;
2) кош бойлуулугу жана төрөтү боюнча, бала асырап алууга байланыштуу өргүү;
3) үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча жыйналышка катышпай калуу (никеси катталган, бала төрөлгөн, бала баккан, жакын туугандары өлгөн учурларда), окуу өргүүсү, негизги иштеген жери боюнча иш-сапарында болуу, жазуу жүзүндөгү чакыруу боюнча мамлекеттик аземдерге жана расмий кабыл алууларга, семинарларга, конференцияларга жана тиешелүү жергиликтүү кеңештин жетекчилигинин уруксаты менен башка иш-чараларга катышуу;
4) транспорттук тоскоолдуктар жана тиешелүү документтерде ырасталган башка форс-мажорлук жагдайлар.".
6) 14.4. “Эгерде:” деген сөздөн кийин 1,2,3,4,5 абзацтары төмөндөгүчө толукталсын:
“- кворумдун жоктугунан эки жолу болбой калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки жолу болсо, бирок талапкерлер добуштардын зарыл санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо талапкерлер зарыл болгон добуштардын санын албаганынан улам болбой калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди кайра шайлоону дайындоого укуктуу.
Эгерде шайлоо талапкерлердин добуштардын зарыл санын албаганынан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди кайра шайлоону дайындоого укуктуу.
Эгерде тиешелүү кеңештин депутаттары белгиленген мөөнөттөрдө шаар мэрин шайлай албаган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңешти таркатат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.”.
7) 15.2. бапы төмөндөгү редакцияга ылайык баяндалсын: “Депутаттык мандатты колдонуу төмөндөгүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) анын депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүсү;
2) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгышы, жарандыгын жоготуусу, башка жарандыгынын бар экендиги тууралуу фактынын айкындалышы, же болбосо башка жарандыкты кабыл алышы;
3) депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү же мындай иштен кетпеши;
4) башка кеңештин депутаты болуп шайланышы;
5) депутаттын административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү коомдоштугундагы мүчөлүгүнүн токтотулушу;
6) шайлоонун жараксыз деп таанылышы;
7) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгып кетиши;
8) сот тарабынан депутаттын аракетке жөндөмсүз же дайынсыз жоголду деп таанылышы, ошондой эле өлдү деп жарыяланышы;
9) ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши;
10) жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу;
11) депутаттын өлүмү.”.
8) 20 бапы төмөндөгүчө баяндалсын: “20.1. Жергиликтүү кеңештин карамагына таандык маселелер боюнча анын чечимдери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
20.2. Жергиликтүү кеңештин чечимдери токтом жана тескеме түрүндө чыгарылат, ага жергиликтүү кеңештин төрагасы тарабынан, ал эми ал жок болгон учурда – жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары тарабынан кол коюлат.
20.3. Жергиликтүү кеңештин токтому - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш тарабынан өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган жана тиешелүү аймакта милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук акт.
Жергиликтүү кеңештин токтому "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
20.4. Жергиликтүү кеңештин тескемеси - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган жана тиешелүү аймакта милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ болгон уюштуруу-тескөө мүнөзүндөгү акт.
Жергиликтүү кеңештин тескемеси, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
20.5. Жергиликтүү кеңеш шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен белгилүү бир маселе боюнча өзүнүн көз карашын билдирүү үчүн жергиликтүү кеңештин кайрылуусун жана билдирүүсүн кабыл алууга укуктуу.”.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Джалилов |