Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-декабры № 20/2
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 24-октябрындагы №155 токтому жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XX сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын” 2019-жылдын 24-октябрындагы №155 токтомунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын” 2019-жылдын 24-октябрындагы №155 токтомунун негизинде КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланган Ахмедов Хасилжан Садыкович жана Мамадалиев Ильхамжан Умаржановичтин өз арыздарынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын” 2019-жылдын 24-октябрындагы №155 токтомунун негизинде КСДП саясий партиясынан Курбанов Негмат Баширахунович жана Исмаилов Турсунбай Жороваевичтин Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланганы эске алынсын.
3. Жаңы шайланган депутат Курбанов Негмат Баширахунович Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) “Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш жана энергетика боюнча” туруктуу комиссиясынын жана Исмаилов Турсунбай Жороваевич Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын мүчөсү болуп бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Джалилов |