Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-декабры № 20/3
Өзгөн шаар мэриясынын 2019-жылда шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу багытында жүргүзүп жаткан иштери жана шаардагы иштердин жалпы абалы жөнүндөгү отчету
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XX сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык “Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча” туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 22-ноябрындагы №9 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаар мэриясынын 2019-жылда шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу багытында жүргүзүп жаткан иштери жана шаардагы иштердин жалпы абалы жөнүндөгү отчету депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды жана кетирилген кемчилдиктерди эске алуу менен канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Отчетту талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштардын негизинде кетирилген кемчилдиктерди жоюу боюнча иш-чара иштеп чыгуу Өзгөн шаар мэриясынын аппаратына тапшырылсын жана анын аткарылышы боюнча шаардык кеңештин сессиясында отчет берүү жагы Өзгөн шаарынын мэри М. Халматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Джалилов |