Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-декабры № 20/4
«Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 26-ноябрындагы отурумунун №4 жана эсеп комиссиясынын №3 протоколдорунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Акбаров Камбарали, Базарбаев Сатинбай, Салиев Бахтияр Усманович, Станбаев Өзгөнбай Тиллабаевич, Шарабидинов Абзалидинге «Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган жарандарга «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылгандыгын тастыктоочу документтерди даярдоо жана салтанаттуу тапшырууну уюштуруу Өзгөн шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Джалилов |