Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-декабры № 20/6
Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасынын территориясынан Альфа-Телеком (Мегаком) уюлдук оператордун фидердик антенасын орнотуу үчүн жер тилкесин ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын жана Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасынын Уставынын негизинде Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XX сессиясынын отуруму Өзгөн шаар мэриясынын 2019-жылдын 19-августундагы №965 катынын жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 26-сентябрындагы №8 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасынын территориясынан Альфа-Телеком (Мегаком) уюлдук оператордун фидердик антенасын орнотуу үчүн 40 м2 жер тилкесин ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзамга ылайык жер тилкесин ижарага берүү боюнча документтерди даярдоо Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Б.Мамадалиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Джалилов |