Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-декабры № 20/7
Шаардагы муниципалдык базарга жүк алып кирүүчү автоунааларга кирүү акысын жана жерди пайдалануучуларга ижара акысын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Өзгөн шаар мэриясынын 2019-жылдын 27-августундагы №995 катынын, Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 29-ноябрындагы №15 жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 26-сентябрындагы №8 протоколдорунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарындагы муниципалдык базарга кирүү акысы автоунааларга 20 сом, ЛАБО, ПОРТЕР автоунаалары менен жүк алып кирип сатуу акысы 50 сом, оор автоунаалар менен жүк алып кирип сатуу акысы 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Өзгөн шаарындагы муниципалдык базарда чекене соода кылгандарга 1 м2 жер үчүн ижара акысы күнүнө 10 сомдон, жабык курулуштардан склад катары пайдалангандарга 1 м2 жер үчүн ижара акысы күнүнө 5 сомдон бекитилсин.
3. Бекитилген тарифтер боюнча ижарачылар менен түшүндүрүү иштерин алып барып, Кыргыз Республикасынын Бааларды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашып, 2020-жылдын 1-январынан ишке киргизүү жагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Х.Ибрагимовго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А.Джалилов |