Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-декабры № 20/1
Өзгөн шаарына саркынды сууларды тазалоочу курулма куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн гаражга жер ажыратып берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги ХX сессиясынын отуруму күн тартибине Өзгөн Тазалык муниципалдык ишканасынын уставынын жана Өзгөн шаар мэриясынын 2019-жылдын 4-ноябрындагы №1273/1 катынын негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн Тазалык муниципалдык ишканасына шаардык мэриянын 2008-жылдын 13-апрелиндеги №113 токтому менен пайдаланууга берилген 0,47 га жер аянтынан 0,20 га жер тилкесин Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржылоого алынган “Өзгөн шаарына саркынды сууларды тазалоочу курулма” куруу долбоорун ишке ашырууда техникаларды сактоого Өзгөн Таза Суу суу пайдалануучу муниципалдык ишканасына гараж катары пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Мыйзамдарга ылайык тийиштүү документтерди даярдоо жагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Х.Ибрагимовго жана Өзгөн шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы А.Анарбаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А.Джалилов |