Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 21/ 1
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы Джалилов Азамжан Абдуллажановичтин 2019-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А.Джалиловдун 2019-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү» маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А.Джалиловдун отчетун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалиловдун 2019-жыл ичинде жүргүзгөн иштери депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды эске алуу менен канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Отчетту талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды аткаруу боюнча иш-чара түзүү жана анын аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык кеңешинин
төрагасынын орун басары П. Эргешева