Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 21/ 3
Шаардын тазасуу системасын реконструкциялоо жана шаарда канализация курууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен жер тилкелерин сатып алууга жана ал жерлерди муниципалдык менчик катары каттоого алууга макулдук берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 17-декабрындагы отурумунун №11 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын тазасуу системасын реконструкциялоо жана шаарда канализация курууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен жер тилкелерин сатып алууга жана ал жерлерди муниципалдык менчик катары каттоого алууга макулдук берилсин.
2. Сатып алына турган жер тилкелеринин баасын реалдуу баалоону жана ал жерлерди муниципалдык менчик катары каттоого алууну Мыйзам чегинде жүргүзүү МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Х.Ибрагимовго жана аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри М. Халматовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Джалилов |