Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 21/ 4
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамына ылайык жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 7-декабрындагы №3 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жүзүмзар» кварталдык комитетинин шайлоочуларынын жыйынынын 2019-жылдын 26-ноябрындагы, Өзгөн райондук ОАА жана МСЭКБнын өндүрүштүк жана кесиптик кошун уюмунун биргелешкен чогулушунун 2019-жылдын 11-декабрындагы, Гузар кварталынын Октябрь көчөсүнүн шайлоочуларынын чогулушунун 2019-жылдын 10-декабрындагы, «Калма-Кыя» кварталдык комитетинин шайлоочуларынын чогулушунун 2019-жылдын 13-декабрындагы жана «Кайрагач» кварталдык комитетинин шайлоочуларынын чогулушунун 2019-жылдын 13-декабрындагы протоколдору бекитилсин.
2. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерликке Тиллабаев Юлдашбой Кочкорович, Бекова Гульзита Торобаевна, Токсанов Бахтиер Машрабович, Карабаев Абдурахимжон Абдуманапович жана Исабаев Мухаммадзохид Абдушукурович сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Джалилов |