Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 21/ 6
А. Темур мектебинде стимулдук гранттын эсебинен аткарыла турган иштерге жергиликтүү бюджеттен салым кошууга макулдук берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXI сессиясынын отуруму күн тартибине Өзгөн шаар мэриясынын 2019-жылдын 25-декабрындагы №1530 катынын негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Темур мектебинин чатырын жаңылап алмаштыруу, мектептин арт жагындагы бардык эшик терезелерди аква пластиктерге алмаштыруу, мектептин ар бир окуу канасына видео көзөмөл менен радиоузелдерди орнотууга стимулдук гранттын эсебинен аткарыла турган иштердин долбоорун колдоого жергиликтүү бюджеттен 20 пайыз салым кошууга макулдук берилсин.
2. Стимулдук гранттын эсебинен аткарыла турган иштерди 2020-жылда аткарыла турган иштердин титулдук тизмесине киргизүү, бөлүнгөн каражаттарды эффективдүү пайдалануу жагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Х. Ибрагимовго жана аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри М.Халматовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Джалилов |