Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-февралы № 22/ 1
Өзгөн шаарынын саркынды сууларын тазалоочу курулмасын курууга Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Бак участкасындагы Өзгөн шаардык мэриясынын муниципалдык менчигиндеги, айыл-чарба багытындагы 4.715 га жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезексиз XXII сессиясынын отуруму Өзгөн шаардык мэриясынын 2020-жылдын 27-январындагы №73 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигиндеги, Баш-Дөбө айыл аймагынын Бак участкасынын №998 контурунда жайгашкан айыл-чарба багытындагы 4.715 га жер тилкесине Өзгөн шаарына саркынды сууларды тазалоочу курулма куруу зарылдыгы болгондуктан, айыл-чарба багытындагы категориясынан өнөр-жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер категориясына котортууга макулдук берилсин.
2. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынынан (Ү.Кошиевден) жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө тиешелүү документтерди мыйзамдаштырып берүүсү суралсын.
3. Өзгөн шаарынын мэри М.Халматовго муниципалдык менчиктеги, айыл-чарба багытындагы 4.715 га жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө тиешелүү документтерди даярдоосу тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын милдетин аткаруучу П.Эргешева