Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19- февралы № 23/1
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2020-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2020-жылга карата иш планы депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен бекитилсин.
2. Иш-планда бекитилген маселелерди сессиянын отурумуна өз мөөнөтүндө жана сапаттуу даярдоо туруктуу комиссияларга мидеттендирилсин.
3. Иш-планда бекитилген маселелерди сессиянын отурумуна даярдоодо Өзгөн шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына көмөк көрсөтүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалиловго тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин 2020-жылдын
19-февралындагы кезектеги XXIII сессиясыны
№23/1 токтому менен бекитилди
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2020-жылга карата
иш-планы
1. Өзгөн шаардык кеңешинин 2020-жылга карата иш-планын бекитүү.
2. Өзгөн шаарынын 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышын жана 2020-жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү
«Бюджет, салык жана экономика
саясаты боюнча» туруктуу комиссия
3. Ар түрдүү маселелер.
1. Өзгөн шаарынын 2020-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасы (2020-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмеси)
«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссия
2. Өзгөн шаар мэриясынын санариптештирүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери
«Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш, энергетика жана курулуш боюнча» туруктуу комиссия
3. Ар түрдүү маселелер.
1. Өзгөн шаар мэринин 2019-жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчету
2. «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жакшыртууда жүргүзүп жаткан иштери
3. Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртууда жүргүзүлүп жаткан иштери жана Достук паркынын, борбордук стадиондун, шаардагы мүрзөлөрдүн шарты менен танышуу
«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссия
4 . Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин, вице-мэрин, шаардык мекемелердин жетекчилерин, муниципалдык ишканалардын директорлорун жүргүзүп жаткан иштери
5. Ар түрдүү маселелер.
1. Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын шаар тургундарына эс алууга шарт түзүүдө жүргүзүп жаткан иштери
«Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссия
2. Өзгөн шаардык мэриясынын «Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча» комиссиясынын 2019-жылда жүргүзгөн иштери жана 2020-жылда жүргүзүп жаткан иштери
«Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссия
3. Ар түрдүү маселелер.
1. Өзгөн шаар мэринин 2020-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету
2. Өзгөн шаардык бюджетинин 2020-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы
«Бюджет, салык жана экономика
саясаты» боюнча туруктуу комиссия
3. Архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын шаардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча туруктуу комиссия
4. Ар түрдүү маселелер.
1. 2020-жылдын титулдук тизмесиндеги иштерди аткарууда Муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча туруктуу комиссия
2. Өзгөн шаар мэриясынын региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында жүргүзүп жаткан иштери
3. Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелердин жүргүзүп жаткан иштери
«Социалдык маселелер, гендер, билим берүү,
саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар
саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссия
4. Ар түрдүү маселелер.
1. «Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча туруктуу комиссия
2. Ар түрдүү маселелер.
1. Өзгөн шаарынын 2020-жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү
«Бюджет, салык жана экономика
саясаты боюнча» туруктуу комиссия
2. Шаардагы коомдук уюмдардын жүргүзүп жаткан иштери (аксакалдар соту, аялдар, жаштар комитети)
«Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссия
3. Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасынын 2020-жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчету
4. Ар түрдүү маселелер.
Жетектөөчү адис Д.Турдахунов