Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты № 24/1
Өзгөн шаарынын 2020-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасына (титулдук тизмеге) өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясынын отуруму Өзгөн шаар мэриясынын 2020-жылдын 23-мартындагы №326 катын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 22-мартында киргизилген Өзгөчө кырдаалга байланыштуу Өзгөн шаарынын 2020-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасында (титулдук тизмеде) бекитилген Хлопкомская көчөсүн ачууга каралган 1000,0 миң сомдун жана СЭЦтин имаратын жылдыруу үчүн каралган 1000,0 миң сомдун багытын өзгөртүп, ал каражаттарды Коронавирус илдетинин алдын алуу чараларына каржылоого макулдук берилсин.
2. Өзгөн шаарынын 2020-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасына (титулдук тизмеге) тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү, бөлүнгөн каражаттарды мыйзам чегинде каржылоо МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Х. Ибрагимовго жана аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри М. Халматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча” жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А.Джалилов |