Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-июну № 25/1
«Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын базасында ачылган муниципалдык базарды жабууга макулдук берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Өзгөн шаар мэриясынын 2020-жылдын 2-июнундагы №660 катын талкуулап, төмөндөгүлөрдү белгилейт: Өзгөн шаарынын Кошиев жана Гагарин көчөлөрүндөгү мыйзамсыз пайда болгон соодаларды жоюу, жүргүнчүлөр жана автотранспорт кыймылы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн, “Өзгөн тазалык” муниципалдык ишканасынын базасында ачылган муниципалдык базар менен ал жерде жайгашкан “Өзгөн тазалык” жана “Өзгөн таза суу” муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгү санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербегени боюнча Өзгөн райондук ОАА жана МСЭКБнун 2019-жылдын 10-июнундагы №226 корутундусунун, Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын каржылоосу менен шаардагы саркынды сууларды тазалоочу курулма куруунун долбоорун турмушка ашырууда техникалар үчүн гараж куруу максатында 0,20 га жер тилкеси ажыратылганына жана белгиленген территорияда санитардык гигиенанын абалы боюнча жана транспорттук кыймылдын тартипсиздиктери боюнча элдин нараазычылыгын эске алуу менен Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын Кошиев көчөсүндөгү “Өзгөн тазалык” жана “Өзгөн таза суу” муниципалдык ишканалары жайгашкан, “Өзгөн тазалык” муниципалдык ишканасынын аймагындагы муниципалдык базарды жабууга макулдук берилсин.
2. Өзгөн шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-мартындагы кезектеги XXIII сессиясынын №23/7 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Муниципалдык базардын жабылуусу боюнча иш-чараларды белгилөө (базарды жабуу мөөнөтүн аныктоо, базардын материалдык-техникалык базасы, анын ишмердүүлүгү боюнча документтер ж.б.у.с.) жана ал жерде иштеп жаткан жеке ишкерлер өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү үчүн аларга иш орундарын жаратуу маселелерин чечүү Өзгөн шаар мэри М. Халматовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А.Джалилов |