Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-июну № 25/2
Өзгөн шаардык кеңешинин 2019-жылдын 28-августундагы кезектеги XIX сессиясынын №19/9 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXV сессиясынын отуруму Өзгөн райондук прокуратурасынын 2020-жылдын 17-февралындагы №11-273-20 катынын, Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясын 2020-жылдын 20-мартындагы №3 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин 2019-жылдын 28-августундагы кезектеги XIX сессиясынын №19/9 токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Джалилов |