Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-июну № 25/3
Өзгөн шаардык кеңешинин участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXV сессиясынын отуруму “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өтөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын 2020-жылдын 6-мартындагы №239 катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясын 2020-жылдын 20-мартындагы №3 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин аймагындагы төмөнкү № 50-58 Шарк, №50-59 /ч-Дөбө, № 50-60 Төрт-Көчө, №50-61 Жаны-Турмуш, № 50-62 Борбор, № 50-63 Гузар, № 50-64 Мажрум-Тал, № 50-65 Таштак, № 50-66 Пайзабад, № 54-73 Янги-Хаят, № 54-98 Кайрагач, № 54-99 А.Темур, № 55-78 Сараксий жана № 55-79 Жаны-Өзгөн участкалык шайлоо комиссияларынын курамына сунушталган талапкерлердин тизмеси бекитилсин.
2. Участкалык шайлоо комиссиясынын курамына сунуш кылынган талапкерлердин тизмеси Өзгөн шайлоо комиссиясынын кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Джалилов |