Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-июну № 3
Айыл аймагынын тургундарына жеке менчик турак жай куруу үчүн кайрак айдоо жана калктуу конуштардын арасындагы жакынкы жайыт жерлерин, кайрак айдоо жерлери категориясынан калктуу конуштун жерлери категориясына жана жайыт жерлер категориясынан калктуу конуштун жерлери категориясына которуу жѳнүндѳ
Айыл аймагындагы турак жай куруугуа муктаж болгон айыл тургундарын турак жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин II- бѳлүмүнүн III- главасынын 2-пунктунун 32-статьясынын, Кыргыз Республикасынын жерлердин категориясын которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳгү 2016-жылдын 19-мартындагы №21 жана 2017-жылдын 1-июнундагы №95 токтомдорунун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагындагы турак жай курууга муктаж болгон айыл тургундарына турак жай куруу үчүн айыл аймагына караштуу тѳмѳндѳгү кайрак айдоо жерлер жана жайыт жерлер контурлары боюнча
А) Кызыл-Абад айылында жайгашкан кайрак айдоо жерлер;
№11 – 24,52га кайрак айдоо
№144 – 3,88га кайрак айдоо
№148- 25,42га кайрак айдоо
№83 – 4,75га кайрак айдоо
Б) Кайрак айдоо жерлеринин контурларынын ичинде жайгашкан жайыт жерлер:
№ 107 – 0,20га таза жайыт
№108 – 0,40 га таза жайыт
№146- 0,20га таза жайыт
№150 – 1,50га таза жайыт
№ 140- 0,40га таза жайыт
Жалпы 61,27га кайрак айдоо жана жайыт жер
2. Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу калктуу конуштардын ичинде жайгашкан тѳмѳндѳгү жакынкы жайыт жерлер контурлары боюнча
А) Кара-Дѳбѳ айылындагы
№837 – 5,0га таза жайыт
№ 839- 0,60га таза жайыт
Б) Кызыл-Абад айылындагы
№ 209 – 3,0га таза жайыт
№ 254- 7,85га таза жайыт
№ 204- 3,5га таза жайыт
№ 127- 2,45га таза жайыт
№ 205- 1,67га таза жайыт
№858 – 7,6 га таза жайыт
В) Чоок калктуу конушундагы
№145- 9,0га таза жайыт
№ 182- 5,0га таза жайыт
Г) Беш-Кепе калктуу конушундагы
№397 – 2,70 га таза жайыт
Жалпы: 48,37га жайыт жер
Жалпысы болуп Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу 109,64га жер аянтын калктуу конуштун жерлери категориясына которуу боюнча тиешелүү мекеме -иш каналар менен биргеликте иш кагаздары даярдалсын.
3. Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу боюнча Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ сунуш берүү жагы Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнѳн жана Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн. (Т.Туйбаев)
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-адыр айылдык кеңешинин айыл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Мурзаев)
Төрага | Н.А.Калматов |