Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 1-сентябры №238
Ош шаардык Кеңешинин токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 6-августундагы №239/08-6 жана 2020-жылдын 21-августундагы №249/08-6 каттарын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы №164б буйругуна ылайык учурдагы өзгөчө кырдаалды эске алуу менен, шаардык Кеңештин Регламентинин 212-беренесин жетекчиликке алып жана Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2020-жылдын 21-августундагы №14 жана 25-августундагы №15 токтомдорун эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин “Ош шаарынын 2020-жылга бюджетин, 2021-2022-жылдарга болжолун жана 2020-2022-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө” №224 токтомунун 9-тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилип:
4-пунктундагы “1000,0” цифра “700,0”;
10-пунктундагы “2000,0” цифра “500,0”;
32-пунктундагы “6125,2” цифра “4925,2” деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Ош шаардык Кеңешинин №232 “Жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүү киргизилип, 1-пунктунун 1-пунктчасындагы 1600,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык Кеңешинин “Ош шаарынын 2020-жылга бюджетин, 2021-2022-жылдарга болжолун жана 2020-2022-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө” №224 токтомунун №7 тиркемесинин 7-пунктуна которулсун.
3. Ош шаардык Кеңешинин “Ош шаарынын 2020-жылга бюджетин, 2021-2022-жылдарга болжолун жана 2020-2022-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө” №224 токтомунун 7-тиркемесине өзгөртүү киргизилип, 7-пунктундагы “23 000” цифра “27 600” цифрасына алмаштырылып, ушул токтомдун 7-тиркемесинин жалпысы “79 120,0” деп окулсун.
4. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |