Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-октябры № 18/2
Ылай-Талаа айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин иш-аракеттерин камсыз кылуу боюнча айыл өкмөтүнүн жана билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 29-беренесинин 3.4 –пунктуна жана Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна ылайык “Айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин иш-аракеттерин камсыз кылуу, айыл аймагына тартылган дем берүүчү гранттык каражаттардын пайдаланышы боюнча айыл өкмөтүнүн жана билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө” Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн социалдык маданий иштери боюнча жетектөөчү адиси К.Маметовдун маалыматын, Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин иш-аракеттерин камсыз кылуу боюнча айыл өкмөтүнүн жана билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери айрым кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Билим берүү мекемелериндеги окуу процесстерин алдыда келе жаткан күз-кыш сезонунда үзгүлтүккө учуратпоо максатында алардын иш аракеттерин жана аларда эмгектенип жана билим алып жаткан жарандарга азыркы пандемия мезгилинде тиешелүү шарттарды түзүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана материалдык каражаттарды максаттуу пайдалануу, бул багытта көзөмөлдү күчөтүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго жана билим берүү мекемелеринин жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына
Төрага | Н.Жолдошов |