Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-октябры № 18/3
Айыл аймагына сырткы жана ички инвестицияларды тартууда айыл элинин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалын көтөрүүдө айыл аймагына сырткы жана ички инвестицияларды тартууда айыл элинин турмуш шартын жакшыртууда, ичүүчү таза суу менен камсыз болушу боюнча айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштери боюнча айыл өкмөтүнүн турак-жай, коммуналдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Б.Коңурбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын ьогуз айында айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө айыл аймагына сырткы жана ички инвестицияларды тартууда айыл элинин турмуш шартын жакшыртууда, ичүүчү таза суу менен камсыз болушу боюнча айыл өкмөтүнүн жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында айыл аймагына сырткы жана ички инвестиция, гранттарды тартуу, чет элдик донордук уюмдар менен тыгыз иштешүү боюнча мындан ары да тынымсыз аракеттерди көрө берүү, башталган, иштеп жаткан долбоорлорду аягына чыгуу менен бирге кетирилген кемчилдиктерди четтетүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин курулуш, транспорт, соода, байланыш, инвестиция, энергетика социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы Д.Мамазайиров) тапшырылсын.
Төрага | Н.Жолдошов |