Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-октябры № 18/4
Ылай-Талаа айылынын Ой-Кум участкасындагы суу лотогунун астындагы көчөгө (маркум) Сайдинов Болоттун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Айыл аймагындагы Ылай-Талаа айылынын Ой-Кум участкасынын жашоочуларынын жалпы жамаатынын 2020-жылдын 15-октябрындагы жыйынынын №1 протоколун карап чыгып айылдык Кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айылынын Ой-Кум участкасынын жашоочуларынын жалпы жамаатынын 2020-жылдын 15-октябрындагы жыйынынын №1 протоколунун бекитилсин.
2. Ылай-Талаа айылындагы Ой-Кум участкасындагы суу лотогунун астындагы четки көчөгө Сайдинов Болоттун ысымы ыйгарылсын.
3. Сайдинов Болоттун ысымы ыйгарылган көчөнүн абалын талапка ылайык деңгээлде болушун камсыздап, аталышын жаздырып, номерлерин илдирип, түнкү жарыктандыруу маселесин чечип берүү, дайыма көзөмөлдөп туруу жагы Сайдинов Болоттун үй-бүлөөсүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Н.Жолдошов |